Акы төлөнүүчү жолдор боюнча мыйзам экинчи окууда кабыл алынды

Кыргызстанда акы төлөнүүчү жолдор боюнча мыйзам экинчи окууда кабыл алынды.

Унаа жана жолдор министринин орун басары Ырысбек Бариев парламентте билдиргендей, өлкөдөгү үч ири трасса жана эки туннелди жаңылап, акы алынуучу жол катары пайдалануу пландалууда.

Алар — Алматы – Чолпон-Ата жолу, Өзгөн айланма жолу жана Бишкектеги Батыш айланма жолу.

Ошондой эле Төө-Ашуу жана Белогорка – Суусамыр унаа жолуна жаңы туннель куруунун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатат.

Бирок бул жолдорго альтернатива катары акысыз жолдор да болот.