Гонконгдо гүлдөрдүн көргөзмөсү өтүп жатат

Гонконгдо гүлдөрдүн көргөзмөсү өтүп жатат.

Кеңири масштабдагы экспозицияга дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн 40 миңге жакын жыпар жыттуу композиция коюлган.

Түстүү иш-чарага жүздөгөн туристтер жана Гонконгдун тургундары катышууда.

Бул жылы көргөзмөнүн негизги гүлү жаркыраган гортензия болду.

Аны ар бир композициядан көрүүгө болот.

Туристтерге гүлдестелерден тышкары кооз идиш өсүмдүктөрү, ошондой эле кичинекей бакча пейзаждары тартууланды.

Гонконгдогу гүлдөрдүн көргөзмөсү багбанчылыкты өнүктүрүүгө багытталган жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара.

Быйыл ал 19-мартка чейин уланат.