Азык-түлүктүн дүйнөлүк баасы 11 ай катары менен төмөндөөдө

Азык-түлүктүн дүйнөлүк баасы 11 ай катары менен төмөндөөдө.

Буга Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы далил.

Өсүштүн эң жогорку деңгээли 2022-жылдын мартында Украинадагы согуштун фонунда катталган.

Бирок, азыр, бир жылдан кийин көрсөткүчтөр дээрлик 19 пайызга кыскарды.

Ал эми буудай бир аз жогорулады.

Азыр Нью-Йорк биржасында 1 тоннасы 253 доллардан бааланууда.