Кытай чет элдиктер үчүн визалардын бардык түрүн берүүнү жандантат

Кытай 2020-жылдын мартында коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган чет элдиктер үчүн визалардын бардык түрүн берүүнү 15-марттан тарта жандантат.

Бул тууралуу аталган мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти билдирди.

Чет өлкөдөгү мекемелер чет элдиктердин Кытайга кирүүсү үчүн документтердин бардык түрлөрүн иштеп чыгууну жана берүүнү кайра баштайт.

Мындан тышкары, Пекин 15-марттан баштап Хайнань аралына визасыз жана Шанхайга круиздик кемелердин жүргүнчүлөрү үчүн визасыз саякаттарды калыбына келтирет.