Бишкектин Панфилов көчөсү убактылуу жабылды

Бишкектин Панфилов көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкеде ирригация орнотуу, жолдун батыш тарабындагы тротуарды иретке келтирүү менен толук реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.

Жол качан ачыларын мэрия тактаган жок.