Маданият министрлиги облустук гезиттердин баарын жоюуну сунуштап жатат

Маданият министрлиги облустук гезиттердин баарын жоюуну сунуштап жатат.

Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документ министрликтин жумушун оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык облустук гезиттердин иштен бошогон кызматкерлерине жөлөкпул жана компенсация төлөө үчүн каражат бөлүү маселеси каралат.

Өлкөдө бюджеттен каржылануучу 12 облустук гезит бар.