Жалал-Абадда 100 мектеп өрт өчүрүү жана медициналык шаймандар менен камсыздалды

Жалал-Абаддын район-шаарларындагы 100 мектепке өрт өчүрүү жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө керектелүүчү шаймандар алынып келинди.

Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар ЮНИСЕФтин «Коопсуз мектептер» долбоорунун алкагында каржыланып, жеткирүү жагы Кызыл Ай коомунун облустагы кызматкерлери тарабынан ишке ашырылган. Жабдыктардын алгачкы бөлүгү бүгүн Жалал-Абад шаарындагы билим берүү мекемелерине бөлүштүрүлдү.