Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү кеңейтилүүдө

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү кеңейтилүүдө. Мэрия маалыматына ылайык, иштер Фучик көчөсүнүн кесилишинде жүрүп жатат. Бул унаалар ашыра жүктөлгөн учурларды жеңилдетүү үчүн жасалууда.   Тилкенин жалпы узундугу  85 метрди түзөт. Коммуналдык кызматтар кошумча кыймыл тилкесин уюштуруп, бордюр жана лотоктор орнотулду.

Кыргызстанда бир айда дизелдик отун 70 тыйынга арзандады

Кыргызстанда бир айда дизелдик отун 70 тыйынга арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, марттын аягында солярканын бир литри 73 сом 45 тыйын болсо, 15-апрелге карата баа 72 сом 75 тыйынга түштү.   Бүгүнкү күнгө карата дизелдик отун эң кымбат Исфана, Баткен, Ошто… Кененирээк…

Арча-Бешикте жаңы балдар аянтчасы ачылат

Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы балдар аянтчасы ачылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, быйыл Шералиев жана Жайыл-Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде балдар аянтчасын, воркаут жабдууларын орнотуу, жарыктандыруу, тротуарларды оңдоо, жашылдандыруу иштери каралган. Бүгүнкү күндө воркаут жабдууларын, селкинчектерди жана тротуарларды куруу иштери аяктады. Учурда аймакты жакшыртуу жана жарыктандырууну туташтыруу пландалууда. Балдар аянтчасынын… Кененирээк…

Оштун тургуну орто кылымдарга таандык кумура таап алды

Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну орто кылымдарга таандык кумура таап алды. Табылга Данги суусунун жээгинен табылган.   Кумуранын бийиктиги 1 метрден ашат, ал эми диаметри 85 сантиметрди түзөт. Ага жакын жерден башка кумуралардын сыныктары да табылган, ошондуктан археологдор байыркы убакта бул жерде устакана болгон деп… Кененирээк…

Россиялык компания Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштады

Россиялык компания Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштады.   ТАСС агенттиги маалымдагандай, жеткирүү Казакстандын энергосистемасы аркылуу ишке ашууда.   Ага ылайык, быйылкы жылдын апрелинен кийинки жылдын мартына чейин жалпы көлөмү 900 миллион киловатт-саат электр энергиясы экспорттолот.   Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Энергетика министрлиги 2023-2024-жылдагы жылуулук… Кененирээк…

Бишкектин бир катар конуштарында суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар конуштарында 20-апрелде суу өчүрүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 9:00дөн 22:00гө чейин «Баш-Кара-Суу» суу топтомундагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу Сарбан айылында, Жал айылында, Жогорку Орок конушунда, Кашкабаш айылында, 105-контур, ЖЭБ-2 конуштарында, Достук, Ак-Ордо конуштарында (Ахунбаев көчөсүнөн түштүк тарабы), Ак-Ордо… Кененирээк…

Салык декларациясын тапшыруу 1-майда аяктайт

Салык декларациясын тапшыруу 1-майда аяктайт. Мамлекеттик салык кызматы буга байланыштуу жарандарды жана жеке ишкерлерди салык декларациясын тапшырууну акыркы күнгө калтырбоого чакырат. Анткени бул салык органдарында кезектин көбөйүшүнө же маалыматтык системасында ашыкча жүктүн пайда болушуна алып келиши мүмкүн.   Ошондуктан, ведомство бардык салык төлөөчүлөрдөн салык милдеттенмесин… Кененирээк…

Кыргызстан жол реконструкциялоого Ислам банкынан дагы 45 млн доллар насыя алат

Кыргызстан жол реконструкциялоого Ислам банкынан дагы 45 миллион доллар насыя алат.   Жогорку Кеңештин Бюджет экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 20 жылга кошумча кредит тартуу боюнча документти бир эле учурда үч окууда ратификациялады.   Буга чейин Ислам өнүктүрүү банкы… Кененирээк…

Ала-Букада 400гө жакын жарандын турак жайы мыйзамдаштырылды

Ала-Букада 400гө жакын жарандын турак жайы мыйзамдаштырылды. Аларга кызыл китептер тапшырылганын райондук администрациядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, турак жайын мыйзамдаштыруу боюнча 2 миң 200дөн ашык жарандан арыз түшкөн.   Учурда Ак-Коргон айыл аймагынан 44 гектардан көп жер аянты такталып, комиссиянын кароосунан өткөрүлдү. Анын алкагында 370… Кененирээк…

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалды

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги айтылууда.   «Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошуудагы түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага… Кененирээк…