Кыргызстанда бир айда дизелдик отун 70 тыйынга арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, марттын аягында солярканын бир литри 73 сом 45 тыйын болсо, 15-апрелге карата баа 72 сом 75 тыйынга түштү.
Бүгүнкү күнгө карата дизелдик отун эң кымбат Исфана, Баткен, Ошто сатылууда, литри – 74-76 сомдон.
Ал эми эң арзан отун Талас, Токмок жана Покровка айылында, 71 сомдон.