Оштун тургуну орто кылымдарга таандык кумура таап алды

Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну орто кылымдарга таандык кумура таап алды. Табылга Данги суусунун жээгинен табылган.

 

Кумуранын бийиктиги 1 метрден ашат, ал эми диаметри 85 сантиметрди түзөт. Ага жакын жерден башка кумуралардын сыныктары да табылган, ошондуктан археологдор байыркы убакта бул жерде устакана болгон деп божомолдошууда. Маалыматка ылайык, бул кумуралар дан сактоо үчүн колдонулган.

 

Табылган артефакт Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” музейине өткөрүлүп, анда сактала турган болду.