Сосновка көзөмөл бекети унаа кыймылы үчүн ачык
Бишкек-Ош жолундагы Сосновка көзөмөл бекети унаа кыймылы үчүн ачык. Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган өтмөктөн транспорт тоскоолдуксуз өтүп жатат. Эске салсак, кечээ аба ырайынын шарттарынан улам Сосновка түйүнүндө унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген.