Арча-Бешикте жаңы балдар аянтчасы ачылат

Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы балдар аянтчасы ачылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, быйыл Шералиев жана Жайыл-Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде балдар аянтчасын, воркаут жабдууларын орнотуу, жарыктандыруу, тротуарларды оңдоо, жашылдандыруу иштери каралган.

Бүгүнкү күндө воркаут жабдууларын, селкинчектерди жана тротуарларды куруу иштери аяктады. Учурда аймакты жакшыртуу жана жарыктандырууну туташтыруу пландалууда.

Балдар аянтчасынын жалпы аянты 0,0916 гектарды түзөт.