Аймактардагы калкты тейлөө борборлору узартылган иш графигине өтөт

Ушул жылдын 1-июнунан тарта Кыргызстандын аймактарындагы калкты тейлөө борборлору узартылган иш графигине өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

 

Жаңы графикке ылайык кабылдамалар эртең мененки саат 8ден кечки 9га чейин түшкү тыныгуусуз иштейт.

 

Бул өзгөрүүлөр калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү, мамлекеттик кызматтарды оңой алуу жана анын сапаты менен жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн жасалууда, — деп айтылат маалыматта.