Базар-Коргондо сел жүрдү

Базар-Коргондо сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 14-майга караган түгү Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Карача айылында катуу жаан жаап, арыктардан суу ашып, 15 турак үйдүн короосун каптады.   Жабыркагандар жана кыйроолор жок. Жеринде айыл өкмөт кызматкерлери, райондук жарандык коргонуу кызматтары жана куткаруучулар тактоо, тазалоо иштерин… Кененирээк…

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 4,5 миң адам таза сууга мүмкүнчүлүк алат

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 4,5 миң адам таза сууга мүмкүнчүлүк алат. Министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, район калкын таза суу менен камсыздоого республикалык бюджеттен 68 миллион сом бөлүнгөн.   Учурда атайын кызматтар 200 метр тереңдикте бургалоо иштерин жүргүзүүдө. Белгилеп кетсек, буга чейин жергиликтүү тургундар таза… Кененирээк…

Ысык-Көлдү бойлой жөө жүрүүчүлөр жана велосипедчендер үчүн атайын тилке курулат

Ысык-Көлдү бойлой жөө жүрүүчүлөр жана велосипедчендер үчүн атайын тилке курулат.   Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы тарыхый-маданий музей-корук калыбына келтирилет.   Долбоорду Азиялык өнүктүрүү банкы менен буга чейин жетишилген макулдашуунун алкагында ишке ашыруу пландалууда.

Кыргызстанга алыскы чет мамлекеттерден келген туристтердин саны быйыл эң аз дегенде 25 пайызга көп болушу күтүлүүдө

Кыргызстанга алыскы чет мамлекеттерден келген туристтердин саны быйыл эң аз дегенде 25 пайызга көп болушу күтүлүүдө. Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, эс алуучулардын агымы көбүнчө Батыш Европа, Жакынкы Чыгыш жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн болот деп болжолдонуп жатат.   Ошондой эле Казакстан, Россиядан саякатчылар биздин өлкө жаратылышына… Кененирээк…

Дүйнөдөгү биринчи айдоочусу жок жүргөн автобустар бүгүн Улуу Британиянын жолдоруна чыгат

Дүйнөдөгү биринчи айдоочусу жок жүргөн автобустар бүгүн Улуу Британиянын жолдоруна чыгат.   Күтүлгөндөй, 2 жыл ичинде алар 10 миңге чейин жүргүнчү ташыйт. Автобустар саатына 80 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрө алат.   Салондо зарылчылык болсо кийлигише алган айдоочулар болот. Бирок алар рулга отурбайт. 2025-жылга карата айдоочусу… Кененирээк…

Коммерциялык банктарга долларды сыртка накталай алып чыгууга уруксат берүү сунушталды

Коммерциялык банктарга долларды сыртка накталай алып чыгууга уруксат берүү сунушталды. Тиешелүү токтом долбоорун Улуттук банк иштеп чыкты. Банктарга, акча алмаштырган жайларга, микрокредиттик компанияларга долларды чет өлкөгө алып чыгууга чектөө былтыр март айында киргизилген.   Бирок андан бери банктар чет элдик валютаны алып келүү иштерин жолго… Кененирээк…

Ордо калаада оңдоо иштеринен кийин Панфилов көчөсү кыймылга ачылды

Ордо калаада оңдоо иштеринен кийин Панфилов көчөсү кыймылга ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, анын Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки тилкеси калыбына келтирилди.   Эми бүгүнтөн тарта Орозбеков көчөсүнүн Фрунзе – Жибек Жолу бөлүгү кыймылга жабылат. Бул жерде асфальт катмары жаңыртылып, тротуар курулуп, ирригациялык система өткөрүлөт.

Кыргызстан пластиктин ордуна экологиялык таза кагаз буюмдарга өтүүнү этап-этабы менен жүрүзөт

Кыргызстан пластиктин ордуна экологиялык таза кагаз буюмдарга өтүүнү этап-этабы менен жүрүзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.   Кечээ ал санитардык-гигиеналык кагаз чыгаруучу ИФА заводунун ишмердүүлүгү менен таанышкан.   «Экологиялык жактан таза, кагаздан жасалган буюмдарды чыгарган ишканаларга мамлекет ар тараптуу артыкчылык… Кененирээк…