Мырза-Аке – Кара-Шоро унаа жолунун 18 чакырымына асфальт төшөлөт

Ош облусунун Мырза-Аке – Кара-Шоро унаа жолунун 18 чакырымына асфальт төшөлөт. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда аталган жолдо асфальт-бетон төшөөгө даярдык иштер жүргүзүлүүдө. Атап айтканда, асфальттын эски катмарын сыйрып алуу, ошондой эле негизги катмарын тегиздөө иштери аткарылууда.

 

Иштерди «Кыргызавтожол» ишканасынын Ош филиалынын №5 Жол тейлөө ишканасы жасап жатат.