Ошто 41 мектеп, 15 бала бакча жана 3 спорт залдын курулушу жүрүп жатат

Ош облусунун аймагында 41 мектеп, 15 бала бакча жана 3 спорт залдын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, тиешелүү тараптарга курулуш иштерин убагында жана сапаттуу аяктоо тапшырмасы берилди.