Кыргызстанда каржы пирамидасын жарнама кылгандарга жаза күчөтүлдү

Кыргызстанда каржы пирамидасын жарнама кылгандарга жаза күчөтүлдү. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров тиешелүү мыйзамга кол койду.

 

Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүгө ылайык, адамдарга зыян алып келген каржы пирамидасын жалпыга маалымдоо каражаттарынан, Интернеттен ачык жарнама кылгандар 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пулга жыгылат.