Эл аралык өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 15 миллион доллар берет.
Тиешелүү келишимге Ислам өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин жыл сайын өтүүчү 48-жыйынынын алкагында кол коюлганын Каржы министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, каражат Талас — Тараз — Суусамыр унаа жолун реконструкциялоого жумшалат.