YouTube жалгыздыкты, тынчсызданууну жана депрессияны күчөтөт

YouTube’ду тез-тез көрүү жалгыздыкты, тынчсызданууну жана депрессияны күчөтөт.

 

Платформанын терс таасиринен 29 жашка чейинкилер көбүрөөк жабыркайт. Мындай маалыматтар жакында чет элдик журналда жарыяланды.

 

Окумуштуулар өз изилдөөсүндө популярдуу каналды колдонуунун психикалык ден соолукка оң жана терс таасирин түшүнүүгө аракет кылышкан.

 

Эксперттер ата-энелерге балдарынын платформада көп убакыт өткөрбөй, позитивдүү мазмунду гана колдонуусуна ынануу үчүн балдарынын YouTube колдонуусун көзөмөлдөөнү сунушташат.