Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды.

 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн түшкү саат 2де болуп, очогунда күчү 3 баллга жетти.

 

Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга, Барскоон, Тосор айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.