Токтогул ГЭСинин 2-агрегатын реконструкциялоо жылдын аягына чейин бүткөрүлөт

Токтогул ГЭСинин экинчи агрегатын реконструкциялоо ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Novosti.kgге “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Аида Кадырова билдирди.

 

Маалыматка ылайык, учурда монтаж жана демонтаж иштери жүрүп жатат. Жаңы агрегаттын мүмкүнчүлүгү 60 мегаваттка көп болот.

 

Эгер буга чейин бардыгы кол менен башкарылып келсе, эми автоматтык башкаруу болот. Суунун агып кириши менен чыгышын Бишкекте отуруп эле онлайн режимде көрө алабыз, — деп айтылат маалыматта.