Кыргызстанда бул жумада жалпы республикалык тестирлөө старт алат

Кыргызстанда бул жумада жалпы республикалык тестирлөө старт алат. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, биринчи этап  20-21-майда, экинчиси 23-24-майда өтөт.   Ал эми өз учурунда сынакты жүйөлүү себептер менен тапшыра албай калган абитуриенттер үчүн тестирлөөнүн соңку этабы 23-24-июнда жүргүзүлөт. Ошондой эле каттоого жетишпей калгандар… Кененирээк…

Мугалимдерге акыркы коңгуроодо белек алууга тыюу салынат

Мугалимдерге акыркы коңгуроодо белек алууга тыюу салынат. Тиешелүү буйрукка Билим берүү министри Каныбек Иманалиев кол койду. Андан тышкары, кафе-ресторандарда, жаратылыш койнунда майрамдоого, ата-энелерден акча чогултууга уруксат берилбейт.   Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктарына жүктөлдү. Эске салсак, өлкө мектептеринде акыркы коңгуроо 25-майда… Кененирээк…

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун калыбына келтирүүгө Ислам өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар бөлүп берет

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун калыбына келтирүүгө Ислам өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар бөлүп берет.   Тиешелүү макулдашууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммад бин Сулейман Аль-Джассер менен жолугушууда кол коюлду.   Маалыматка ылайык, трассанын 104-чакырымынан 197-чакырымына… Кененирээк…

Даниянын ооруканаларында Артур аттуу жаңы робот сыноодон өтүүдө

Даниянын ооруканаларында Артур аттуу жаңы робот сыноодон өтүүдө. Окумуштуулар тобу менен өндүрүлгөн робот ревматоиддик артритти болгону  12 мүнөттө аныктай алат. УЗИ сүрөттөрүн алгандан кийин ал жасалма интеллект аркылуу анализ жасап, жыйынтыгын дарыгерлерге жөнөтөт.   Робот саатына 4 бейтап кабыл алып, так жана ыкчам диагноз кое… Кененирээк…

Ысык-Көлдө милиция туристтердин коопсуздугун камсыздоого даяр

Ысык-Көлдө милиция туристтердин коопсуздугун камсыздоого даяр. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тартип сактоого  1 миңден ашык милиция кызматкери тартылат.   Кийин алардын саны абалга жана эс алуучулардын агымына жараша көбөйүшү мүмкүн. Трассаларда жол инспекторлорунун үзгүлтүксүз көзөмөлү уюштурулган 50дөн ашык пост пайда болот.   Андан тышкары,… Кененирээк…

Баткен районунун Самаркандек айылында оорукананын курулушу жыл аягына чейин жыйынтыкталат

Баткен районунун Самаркандек айылында оорукананын курулушу жыл аягына чейин жыйынтыкталат.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, чектеш аймакта жайгашкан медициналык мекеме 75 орунга чакталат.   Анда бардык зарыл шарттар каралат. Оорукананын курулушуна каражат президенттик фонддон бөлүнгөн. Эске салсак, аталган медициналык жай кыргыз-тажик… Кененирээк…

Түркияда президенттик шайлоодо бир дагы талапкер 50% чектен өтө элек

Түркиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында Режеп Тайип Эрдоган добуштардын 49,34 пайызын, ал эми анын негизги атаандашы Кемал Кылычдароглу 45 пайыз алганын TRT Haber агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды. Шайлоо аяктагандан кийин Эрдоган Анкарада шайлоочулар менен жолуккан. Эске салсак, Түркияда кечээ президенттик жана парламенттик шайлоо өттү.… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилет

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилет. Бул Боом капчыгайында таш кулатуу иштерине байланыштуу, — дешти “Кыргыз темир жолу” ишканасынан.   Бүгүнтөн тарта 19-майга чейин трассанын 131-чакырымында кооптуу таштарды атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүп, жол эртең мененки саат 9дан 3кө чейин маал-маалы менен… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери жумушсуз адамдардын саны 2,5 пайызга  кыскарды

Кыргызстанда жыл башынан бери жумушсуз адамдардын саны 2,5 пайызга  кыскарды. Эмгек, социаллдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 4 айдын жыйынтыгы менен жумушу жок деп катталган жарандардын саны 142 миң 600дү түздү.   Мындай ыйынтык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча активдүү иш-аракеттерди жүргүзүү… Кененирээк…

Кыргызстандан сыртка быйылкы январдан мартка чейин 149 миллион 640 миң доллар которулган

Кыргызстандан сыртка быйылкы январдан мартка чейин 149 миллион 640 миң доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты. Кеп жеке тараптардын акча которуу системасы аркылуу жөнөткөн каражаттары тууралуу жүрүп жатат.   Алар ар кыл валютада жиберишкени менен жыйынтык сумма доллардын эквивалентинде көрсөтүлөт. Эгерде ар кыл жылдардын… Кененирээк…