Бишкектин Келечек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Бишкектин Келечек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Учурда имараттын каркастары орнотулуп, ички дубалдарды куруу жана чатырды жабуу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.

Непалдык альпинист Ками Рита Эвересттин чокусуна 27-ирет чыгып, дүйнөлүк рекорд орнотту

Непалдык альпинист Ками Рита Эвересттин чокусуна 27-ирет чыгып, дүйнөлүк рекорд орнотту. Буга чейинки рекорд дагы Непал тургунуна таандык болчу. Ал 26 жолу эң бийик тоонун чокусун багындырган.   Рита болсо Эверестке биринчи жолу 1994-жылы чыккан. Альпинисттин жеке эсебинде ошондой эле 13 ар кандай  7 миң… Кененирээк…

Ош облусунун Алай районунда жер көчкүлөр активдешти

Ош облусунун Алай районунда жер көчкүлөр активдешти.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кооптуу делген тилкелердин биринде 7 турак-жай бар, бул жерден 5 үй-булө көчүрүлдү.   Жер көчкүнүн жалпы көлөмү 330 миң кубка барабар болушу мүмкүн. Бир сутка ичинде ал 1 метрге жылды. Ведомстводон белгилешкендей,… Кененирээк…

Чемпиондор лигасынын финалчылары аныкталды

Чемпиондор лигасынын финалчылары аныкталды. Англиялык “Манчестер Сити” футбол клубу испаниялык “Реал Мадридди” жарым финалда 4:0 эсебинде утуп Чемпиондор лигасынын финалына чыкты.   Эки клубдун биринчи беттеши Испанияда болуп 1:1 эсеби менен аяктаган. Жыйынтыгында жалпы эсеп 5:1 болду.   Ал эми  17-майда “Интер” менен “Милан” ойноп… Кененирээк…

Ошто Сулайман-Тоого барчу асма жолчо жана түрк дүйнөсүнүн уникалдуу эстеликтеринин миниатюралар паркы курулат

Ошто Сулайман-Тоого барчу асма жолчо жана түрк дүйнөсүнүн уникалдуу эстеликтеринин миниатюралар паркы курулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Туркиядагы элчиси Руслан Казакбаев түрк дүйнөсүнүн архитекторлору жана инженерлери бирикмеси менен жолугушуунун жыйынтыгы менен билдирди.   Курулуш маселеси Ош шаарынын мэриясы менен такташылды.   Ошондой эле Кыргызстан эгемендүүлүк күнүнө… Кененирээк…

Дубайда айдын формасында сүзүүчү арал курулат

Дубайда айдын формасында сүзүүчү арал курулат. Объект “медициналык оазис” деп аталат.   Аралда заманбап жана алдыңкы технологияларды колдонуу менен сапаттуу медициналык жардам көрсөтүлөт. Ал 5 деңгээлге бөлүнөт.   Ар биринде суу алдындагы транспорттук система менен автономдук комплекс болот. Бейтаптар үчүн укмуштуудай шарттар менен резиденциялар түзүлүп,… Кененирээк…

Бишкек милициясы жарандарды чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат

Бишкек милициясы жарандарды чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат. Ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, өзгөчө коомдук транспорттун ичинде этият болуу керек.   Соңку күндөрү маршруттук таксилерде жана автобустарда жеке буюмдарды  уурдоо фактылары көбөйүүдө.Милициядан белгилешкендей, телефон, капчык жана башка баалуу бумдарды сырткы чөнтөктөргө салбаш керек.

Бишкек – Ош жолундагы туннелде унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

Бишкек – Ош жолундагы туннелде унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги жарыктандыруу системасын жаңыртуу жана  электр чубалгыларды алмаштыруу иштери аткарылат.   Буга байланыштуу бүгүн түшкү саат 12ден 2ге чейин туннель аркылуу унаалар өткөрүлбөйт.

Нарында “Социалдык келишим” долбоору менен 577 үй-бүлө чакан ишкерликти баштады

Нарында “Социалдык келишим” долбоору менен 577 үй-бүлө чакан ишкерликти баштады.   Облус администрациясынан билдиришкендей,  100 миң сомдон алган жарандар тигүү цехи, ашкана, бут кийим оңдоочу жай жана башка тармакта ишкана ачып, киреше табууга чыгып баштады.   Эске салсак, “Социалдык келишим” долбоору үч жылга эсептелген, бул… Кененирээк…

Кыргызстанда 6 миңден ашык жеке ишкер пайызсыз насыя алды

Кыргызстанда 6 миңден ашык жеке ишкер пайызсыз насыя алды. Берилген жалпы сумма 3,5 миллиард сомго теңелет. Ушул айдын башына карата маалымат менен Каржы министрлиги бөлуштү.   Маалыматка ылайык, мындай демилге “Жеке жана каржы тармагын ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында ишке ашып жатат. Ведомстводон белгилешкендей, программа кичи… Кененирээк…