Бишкек – Ош жолундагы туннелде унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

Бишкек – Ош жолундагы туннелде унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги жарыктандыруу системасын жаңыртуу жана  электр чубалгыларды алмаштыруу иштери аткарылат.

 

Буга байланыштуу бүгүн түшкү саат 12ден 2ге чейин туннель аркылуу унаалар өткөрүлбөйт.