Ош облусунун Алай районунда жер көчкүлөр активдешти

Ош облусунун Алай районунда жер көчкүлөр активдешти.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кооптуу делген тилкелердин биринде 7 турак-жай бар, бул жерден 5 үй-булө көчүрүлдү.

 

Жер көчкүнүн жалпы көлөмү 330 миң кубка барабар болушу мүмкүн. Бир сутка ичинде ал 1 метрге жылды. Ведомстводон белгилешкендей, Алай районунун Куш-Шоро айылында дагы эски жер көчкү активдешип, эки үйгө коркунуч жаралды.