Нарында “Социалдык келишим” долбоору менен 577 үй-бүлө чакан ишкерликти баштады

Нарында “Социалдык келишим” долбоору менен 577 үй-бүлө чакан ишкерликти баштады.

 

Облус администрациясынан билдиришкендей,  100 миң сомдон алган жарандар тигүү цехи, ашкана, бут кийим оңдоочу жай жана башка тармакта ишкана ачып, киреше табууга чыгып баштады.

 

Эске салсак, “Социалдык келишим” долбоору үч жылга эсептелген, бул аралыкта акча алган үй-бүлөлөр жеке бизнесин түптөп, жөлөк пулга муктаж үй-бүлө категориясынан чыгышы шарт.