Кыргызстанда 6 миңден ашык жеке ишкер пайызсыз насыя алды

Кыргызстанда 6 миңден ашык жеке ишкер пайызсыз насыя алды. Берилген жалпы сумма 3,5 миллиард сомго теңелет. Ушул айдын башына карата маалымат менен Каржы министрлиги бөлуштү.

 

Маалыматка ылайык, мындай демилге “Жеке жана каржы тармагын ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында ишке ашып жатат. Ведомстводон белгилешкендей, программа кичи жана орто бизнести камтыйт, ошондой эле каржылык жүгүртүүсү аз жеке ишкерлер дагы колдоо алса болот.