Шопоков шаарындагы “Унаа” бөлүмү эртеңден тарта 7 күндүк иш тартибине өтүүдө

Шопоков шаарындагы “Унаа” бөлүмү эртеңден тарта 7 күндүк иш тартибине өтүүдө. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, эми транспорттук каражатты каттоо, кайра каттоо жана жоголгон айдоочу күбөлүктөрүн калыбына келтирүүгө, алмаштырууга арыздарды эс алуу күндөрү дагы таштаса болот.   Мындай чара жарандардын ыңгайлуулугу жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу… Кененирээк…

Чүй облусунда 30 жыл токтоп турган ун тартуучу завод ишке кирди

Чүй облусунда 30 жыл токтоп турган ун тартуучу завод ишке кирди. Өндүрүштө 100дөн ашык адам эмгектенип жатат. Буга чейин ишкана мамлекеттик резервке киргизилген данды сактоочу жай катары эле колдонулуп келген.   Эми заводдо кайрадан ун чыгарылып баштады. Келечекте комбинатка макарон азыктарын өндүрүүчү атайын жабдууларды сатып… Кененирээк…

Нарында электробустар пайда болот

Нарында электробустар пайда болот. Бул тууралуу аймактагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, коомдук транспорт ортомчусу жок, түздөн-түз өндүрүүчү заводдон сатылып алынат.   7 электробусту сатып алууга республикалык бюджеттен 76 миллион сом бөлүнөт, — деди облус жетекчиси.   Эске салсак, буга чейин… Кененирээк…

Дыйкандар айыл чарба техникасын лизингге алса болот

Дыйкандар айыл чарба техникасын лизингге алса болот. Буга керектүү документтерди Айыл чарба министрлиги тизмектеди. Ведомство маалыматына ылайык, лизинг каттоо үчүн паспорт, үлүш жердин техпаспорту, нике күбөлүгү, жеке ишкерлик тууралуу күбөлүк, салык кызматынан маалымкат жана патент керектелет.   Өлкөдө 2022-жылы лизинг ишмердигин 17 компания жүргүзүп, жалпысынан … Кененирээк…

Кыргызстанда тиричилик абоненттерге эми кагаз квитанциялар келбей калышы мүмкүн

Кыргызстанда тиричилик абоненттерге эми кагаз квитанциялар келбей калышы мүмкүн. Улуттук электр станциялар компаниясынан билдиришкендей, айрым жаңы конуштарда пилоттук долбоор ишке кирди.   Ал 9 миңден ашык керектөөчүнү камтыйт. Жарандар колдонулган электр энергиясы тууралуу бардык маалыматты “Мой свет” тиркемеси аркылуу биле алат.   Энергетиктер белгилешкендей, долбоор… Кененирээк…

Нарын шаарында Чкалов атындагы мектепке кошумча корпус курулат

Нарын шаарында Чкалов атындагы мектепке кошумча корпус курулат.   Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгашкан маалыматка ылайык, имарат   3 кабаттан туруп, 500 окуучуга чакталышы керек. Бул максатта 177 миллион 800 миң сом багытталат.

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери кийинки жумада дагы аткарылат

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери кийинки жумада дагы аткарылат. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, 22-майдан 25-майга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында коркунуч жараткан таштар атайылап түшүрүлөт.   Буга байланыштуу эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин  транспорт бир тилке менен… Кененирээк…

Кыргызстанда 10 миңге жакын үй-бүлө жөлөк пул алуучулар категориясынан чыкты

Кыргызстанда 10 миңге жакын үй-бүлө жөлөк пул алуучулар категориясынан чыкты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, бул “социалдык келишим” долбоорунун жардамы менен мүмкүн болду.   Анын алкагында “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алгандардын арасынан атайын тизме түзүлүп, 100 миң сомдон берилет. Алар бул акчага… Кененирээк…

Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы Калашникова жана анын орун басары камалды

«Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомунун президенти Елена Калашникова жана вице-президенти камакка алынганын 18-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеме алар тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин, бөгөт чарасын сот аныктарын, мамлекетке келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоо… Кененирээк…

Кытай Кыргызстанга техникалык-экономикалык долбоорлор үчүн грант бөлөт

Кытай Кыргызстанга бир катар артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга грант бөлүп бермей болгонун 18-майда өлкөнүн Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жардам тууралуу макулдашууга Кытайда президент Садыр Жапаровдун сапары алкагында министр Данияр Амангелдиев жана Кытайдын тышкы иштер министри Цин Ган кол коюшту.   Макулдашууга… Кененирээк…