Дыйкандар айыл чарба техникасын лизингге алса болот

Дыйкандар айыл чарба техникасын лизингге алса болот. Буга керектүү документтерди Айыл чарба министрлиги тизмектеди. Ведомство маалыматына ылайык, лизинг каттоо үчүн паспорт, үлүш жердин техпаспорту, нике күбөлүгү, жеке ишкерлик тууралуу күбөлүк, салык кызматынан маалымкат жана патент керектелет.

 

Өлкөдө 2022-жылы лизинг ишмердигин 17 компания жүргүзүп, жалпысынан   4 миллиард сомго бааланган 1 миң 800дөн ашык келишим түзүлгөн.

 

Белгилеп кетсек, лизинг — бул кандайдыр бир техниканы же имаратты көп жылга ижарага алуу. Кийин мүлк менчикке чыгып, лизинг алган тарапта калат.