Чүй облусунда 30 жыл токтоп турган ун тартуучу завод ишке кирди

Чүй облусунда 30 жыл токтоп турган ун тартуучу завод ишке кирди. Өндүрүштө 100дөн ашык адам эмгектенип жатат. Буга чейин ишкана мамлекеттик резервке киргизилген данды сактоочу жай катары эле колдонулуп келген.

 

Эми заводдо кайрадан ун чыгарылып баштады. Келечекте комбинатка макарон азыктарын өндүрүүчү атайын жабдууларды сатып алуу пландалууда.