Нарында электробустар пайда болот. Бул тууралуу аймактагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, коомдук транспорт ортомчусу жок, түздөн-түз өндүрүүчү заводдон сатылып алынат.
7 электробусту сатып алууга республикалык бюджеттен 76 миллион сом бөлүнөт, — деди облус жетекчиси.
Эске салсак, буга чейин 5 электробусту сатып алууга тендер жарыяланган болчу. Бирок заводдон түз сатып алуу пайдалуу болгондуктан, сынак жокко чыгарылды.