Кыргызстанда 10 миңге жакын үй-бүлө жөлөк пул алуучулар категориясынан чыкты

Кыргызстанда 10 миңге жакын үй-бүлө жөлөк пул алуучулар категориясынан чыкты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, бул “социалдык келишим” долбоорунун жардамы менен мүмкүн болду.

 

Анын алкагында “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алгандардын арасынан атайын тизме түзүлүп, 100 миң сомдон берилет. Алар бул акчага чакан ишкерлик түптөшү шарт. Ведомстводон такташкандай, быйыл “социалдык келишим” түзүүгө мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн.