Бишкекте канализациялык коллектордун курулушуна байланыштуу Бакаев көчөсү 25-августка чейин жабылат

Бишкекте канализациялык коллектордун курулушуна байланыштуу Бакаев көчөсү 25-августка чейин жабылат. Анын Ахунбаев көчөсүнөн Кочкор көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы токтотулат.   Ошондой эле коомдук транспорт жүрүү схемасын өзгөртөт. №19 автобус эми Бакаев көчөсү менен эмес, Тыналиев, Псков, Гагарин, Асаналиев көчөлөрү менен жүрөт. №36, 6-автобустар дагы… Кененирээк…

Ордо калаада көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайда болот

Ордо калаада көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайда болот. Мэрия маалыматына ылайык, объект Муса Жалил – Буденный көчөлөр кесилишинде курулат деп пландалууда.   Парковканы жалпы аянты 9 миң чарчы метрден ашып, 239 унааны батыра алат. Күтүлгөндөй, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын курулушу аталган райондогу тыгындар… Кененирээк…

Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы 4 мектеп курулат

Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы 4 мектеп курулат. Президенттин аталган райондогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объектилер Токтогул, Үч-Капчад жана Салам-Алик айылдарында пайда болот.   Мектептер жаңы окуу жылынын башталышына карата каалгаларын ачып калат.

Кыргызстанда жазгы талаа иштерин аягына чыгарууга күйүүчү-майлоочу материал жетиштүү көлөмдө бар

Кыргызстанда жазгы талаа иштерин аягына чыгарууга күйүүчү-майлоочу материал жетиштүү көлөмдө бар.   Буга Айыл чарба министринин орун басары Нурдин Алишеров ишендирди. Анын айтымында, жалпысынан республика боюнча күйүүчү майга болгон муктаждык 42 миң тоннаны түзөт.   Фермерлерди отун менен камсыз кылуу максатында министрлик менен Мунай ташуучулар… Кененирээк…

Баткенде «Максат» чек ара заставасы ачылды

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда «Максат» чек ара заставасы ачылды. УКМКдан кабарлашкандай, заставанын имараты жаңыдан түптөлүп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттары заман талабына шайкеш деңгээлде жакшыртылган. Мында аскерлердин эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, фельдшердик бөлүм, жайкы ашкана, футбол аянтчасы, унаа токтоочу жайлары, мончо… Кененирээк…

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Эртең, 30-майда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, 30-майда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Садовая көчөсү — Чүй проспектиси, Ч.Валиханов көчөсү — темир жол линиясы; 7-Апрель — Ауэзов — Исакеев — Ч.Валиханов көчөлөрү менен чектешкен аймакта, ошондой эле «Учкун» кичирайону, «Учкун» конушунда суу болбойт. Суу… Кененирээк…

Баткен облусунун Лейлек районунда «Ак-Сарай» чек ара заставасы ачылды

Баткен облусунун Лейлек районунда «Ак-Сарай» чек ара заставасы ачылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.   Жаңыдан курулган заставада чек арачылар үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Аскер кызматкерлерине жатакана, спорттук аянтча, балдар үчүн ойноо аянтчасы, мончо, унаа токтоочу жай жана башка күнүмдүк жашоо… Кененирээк…

Түркиядагы президенттик шайлоону Режеп Тайып Эрдоган жеңди

Түркиядагы президенттик шайлоону Режеп Тайып Эрдоган жеңди. Шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгын аталган мамлекеттин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер жарыялады.   Маалыматка ылайык, Эрдоган добуштардын 52,14 пайызын алды. Ал эми атаандашы Кемал Кылычдароглу шайлоочулардын 47,86 пайыз добушуна ээ болду.   Түркияда президент беш жылдык мөөнөткө… Кененирээк…

Кыргызстанда бензин кымбаттай баштады

Кыргызстанда бензин кымбаттай баштады. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, АИ-95 51 тыйынга, АИ-92 1 сом 3 тыйынга, АИ-80 33 тыйынга көтөрүлдү. Баалар негизинен Кара-Суу району, Ош шаары менен Бишкек жана Таластын Покровка айылында жогорулаган.   Эске салсак, күйүүчү-майлоочу материалдын баасы кымбаттай турганын буга чейин Мунай… Кененирээк…

Тоңдо 150 орундуу мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды

Тоң районунун Жер-Үй айылында 150 орундуу мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы сметалык баасы 113 миллион сомго бааланган.   Белгилеп кетсек, А.Көлбаев атындагы билим берүү мекемесинин имараты 1980-жылдары ашар жолу менен курулган.