Кыргыз-өзбек чек арасында “Бек-Абад”, “Кара-Суу” жана “Карабагыш” бекеттери ачылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган пункттарды ачуу боюнча эки өлкө ортосунда өкмөттүк деңгээлде макулдашылды.
Белгилеп кетсек, “Бек-Абад” өткөрмө түйүнү аркылуу Жалал-Абад облусунан Өзбекстандын Анжиян облусуна өтүүгө шарт түзүлөт. Ал эми “Кара-Суу” жана “Карабагыш” бекеттери Ош облусунда жайгашкан.
Жалпысынан эки өлкөнүн чек арасында 15 өткөрмө бекет бар.