Россия кура турган мектептердин алгачкылары Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында пайда болот. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Уланбек Үсеков билдирди.
Анын айтымында, орто билим берүү мекемелеринин ар бири 1 миң 200 окуучуга чакталат. Бир мектептин сметалык баасы 550 миллион сомго теңелет. Кошумчаласак, Россия биздин өлкөдө жалпысынан 9 мектеп куруп берет. Аларда билим берүү орус тилинде жүргүзүлүп, аттестаттар эки өлкөнүн үлгүсүндө тапшырылат.