Сузакта салюттан окуучу жабыркап, директор иштен алынды

Сузак районундагы №16 С.Акбаров атындагы мектебиндеги “Акыркы коңгуроо” салтанатында катталган окуяга байланыштуу директордун милдетин аткаруучу А.С.Нажмидинов жана анын окуу-тарбия иштери боюнча орун басары М.Абдуллахожаева ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 29-майда кабарлады.

 

Маалыматта айтылгандай, 25-май күнү аталган мектептин 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү салтанаттуу иш-чара өтүп жаткан аянтка кирип келе жаткан. Бүтүрүүчүлөрдүн бири пиротехникалык каражатты күйгүзүп жаткан мезгилде 7-класстын окуучусу анын жанына кокустан бара калган. Натыйжада 7-класстын окуучусунун бети күйүп калган.

 

Ал дароо Жалал-Абад шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда бейтапканада дарыланып жатат. Министрлик анын кабалы канаатандырарлык экенин билдирди.

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине ар кандай салтанаттарда пиротехникалык каражаттарды колдонбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кол койдурулганын маалымдады.

 

Кыргызстанда “Акыркы коңгуроо” салтанаты жыл сайын 25-майда белгиленет. Быйыл 9-11- класстарды Кыргызстан боюнча 180 миңден ашуун улан-кыз аяктады. Алардын 70 миңге жакыны 11-классты бүтүрдү.