Кыргызстандыктар үчүн Улуу Британияда иштөөгө дагы 1 миң квота бөлүндү

Кыргызстандыктар үчүн Улуу Британияда иштөөгө дагы 1 миң квота бөлүндү. Эмгек министрлигинен билдиришкендей, 28 жаштан 46 жашка чейинки жарандар аталган өлкөдө айыл чарба тармагында 6 ай иштей алат. Каалоочулар орус тилин билип, физикалык жана психикалык жактан соо болушу керек.

 

Айлыгы болжол менен саатына 12 долларды түзөт. Кыргызстандыктар виза жана авиабилеттерди өздөрү алып, алгачкы эки жума үчүн жайгашуу менен тамак-ашты дагы төлөшү керек.