Ноокендин Достук айылында үч көчө таза суу менен камсыз болду

Ноокен районунун Достук айыл аймагында мектеп жана мечит курулуп, үч көчөгө таза суу чыгарылып берилди. Бул тууралуу Ноокен райондук администрациясынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, кайрымдуулук фонд тарабынан Шамалды-Сай айылындагы №26 Т.Анаркулов атындагы орто мектепке 150 орундуу кошумча корпус жана Кормоцех айылына мечит курулуп, пайдаланууга берилди.… Кененирээк…

Калыс-Ордо конушунда 140 орундуу бала бакча курулууда

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда 140 орундуу бала бакча курулууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имараттын пайдубалын түптөөчү иштер аяктап, капсула салууга даярдык көрүлүп жатат.   Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 7 тайпага ылайыкталган.

Билим берүү министринин орун басары болуп Аида Рысбаева дайындалды

Аида Рысбаева Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, тийиштүү тескемеге министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон.   Эске салсак, буга чейинки министрдин орун басары Надира Жусупбекова ушул жылдын 11-майында өз… Кененирээк…

Туризм департаментинин директору болуп Самат Шатманов дайындалды

Самат Шатманов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Экономика жана соода министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.   Тийиштүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Канн фестивалында баш байгени Жюстин Трие алды

Быйыл Канн кинофестивалынын баш байгеси – «Алтын пальма бутагын» франциялык режиссер Жюстин Трие алды. Сыйлык ага “Жыгылуунун траекториясы” тасмасы үчүн берилди.   “Эркектин эң мыкты ролу” наамы “Кынтыксыз күндөр” тасмасында ойногон япониялык актер Кодзи Якусёге, “Аялдын мыкты ролу” байгеси түркиялык Мерве Диздарга ыйгарылды. Гран-при британ… Кененирээк…

Түркиядагы шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жарыяланды

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы добуштар дээрлик толугу менен саналып бүттү.   Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий эсеби боюнча, 190 миң үкөктүн 75 пайызы саналды. Ага ылайык, Режеп Тайып Эрдоган 53,41 пайыз, ал эми анын атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу 46,59 пайыз добуш алды.  … Кененирээк…

Ленин округундагы шайлоодо Дамира Ниязалиева алдыга чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округундагы добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, Дамира Ниязалиева 6 миң 73 добуш алып, алдыга чыкты.   БШКнын маалымдашынча, добуш берүүгө бул округдагы шайлоочулардын 13,95 пайызы гана катышты. Аймакта 125 миңдей шайлоочу катталган.   Дамира… Кененирээк…