Баткен облусунда “Максат”, “Жаштык”, “Чоң-Талаа” жана “Ак-Сарай” чек ара заставалары ачылды

Баткен облусунда “Максат”, “Жаштык”, “Чоң-Талаа” жана “Ак-Сарай” чек ара заставалары ачылды. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, объектилер бардык зарыл жабдуу менен камсыздалган.

 

Бөлүктөрдө эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, футбол аянты, фельдшердик түйүн, унаа токтотуучу жай, мончо жана ашкана бар. Андан тышкары, айрым заставаларда аскер кызматкерлерин жайгаштыруу үчүн бөлмөлөр жана балдар аянтчалары каралган.