Кыргызстанда жыл башына карата 1 миллион 113 миң жеңил машине катталган. Мындай маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү.
Бишкекте расмий түрдө 317 миңден ашык унаа катталса, Ошто – 75 миң. Ведомстводон белгилешкендей, калктын саны өскөнүнө жараша, машинелердин саны дагы кескин өсүүдө. Кошумчаласак, Бишкекте 1 миллион 100 миң адам жашайт.
Ал эми Ош тургундарынын саны 361 миңди түзөт.