Бишкекке ысык суу 22-июнда берилет. Бул тууралуу Novosti.kgге “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынан билдиришти. Эске салсак, ордо калаанын көп кабаттуу үйлөрүндө ысык суу 22-майда 1 айга өчүрүлгөн.
Бул убакыт аралыгында “Бишкекжылуулуктармактарынын” адистери түтүктөрдү, буу казандарды кайра калыбына келтирип, күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүштү.