Бишкек — Ош жолу өткөн Суусамыр өрөөнүндөгү жылкыларга кечкисин жарыкты чагылдыруучу тасмалар тагылууда
Бишкек — Ош жолу өткөн Суусамыр өрөөнүндөгү жылкыларга кечкисин жарыкты чагылдыруучу тасмалар тагылууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул айдоочуларга жылкыларды алыстан байкап, кырсыкка кабылуу учурларын алдын алууга багытталган иш-чара. Жарыкты чагылдыруучу тасмаларды жол милициясынын өкүлдөрү жана мал ээлери тагышууда.