Эд Ширан Улуу Британиянын эң популярдуу артисти деп аталды. Аткаруучу бул наамга алтынчы ирет татыды. Рейтингдин экинчи сабында ырчы Дуа Липа жайгашат. Үчилтикти диджей Дэвид Гетта бекитет.
Топ-5ке ошондой эле Гарри Стайлс жана Элтон Джон кирет. Аналитиктер рейтингди түзүүдө артисттин стриминг платформаларында, радиолордо жаңырганы боюнча маалыматты эске алды.