Өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарга 179 бүтүрүүчү ээ болот. Билим берүү министрлигинен бизге билдиришкендей, алардын басымдуусу Бишкек мектептеринин окуучулары.
Андан кийин кызыл аттестаттардын саны боюнча Баткен, Жалал-Абад облустары турат. Эске салсак, жакшы окуган мектеп бүтүрүүчүлөрү билимин тастыктоо үчүн “Алтын тамга” тестирлөөсүн тапшырат.