Министрдин орун басары менен «Кыргызкөмүрдүн» өкүлү коррупцияга шек саналып кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. кармалганын билдирди.

 

Атайын кызматтын маалыматына караганда, кармалгандар Бишкек электр жылуулук борборуна (Бишкек ЖЭБ) көмүр ташуудагы коррупцияга шектелүүдө.

“Тергөө тарабынан 2021-2023-жылдар аралыгында “Кара-Кече” кенинен Балыкчы шаарына чейин көмүрдү оор жүк ташуучу унаалар менен, андан кийин Балыкчыдан Бишкектин ЖЭБине темир жол аркылуу ташуу учурунда жогоруда аталган министрликтин жана ага караштуу мекемелердин жогорку кызматтагы кызматкерлеринен турган “көмүр мафиясынын” мүчөлөрү тарабынан 15 960,81 тонна, кеминде 40 миллион сомдон ашык суммадагы көмүр уурдалганы аныкталды”, — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

 

УКМК “шектүүлөрдүн коррупциялык аракетинен ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учурап, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген” деп билдирди.

Азырынча кармалгандардын жактоочулары же жакындарынан комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Кыргызстан күз-кыш мезгилине карата 2 млн. 994 миң тонна көмүр керектейт. Анын ичинен Бишкек ЖЭБине 1 млн. 500 миң тонна көмүр керек. Жумгалдын Кара-Кече көмүр кенинен 2022-жылы 1 млн. 352 тонна көмүр казылган.