Мурдагы вице-премьер-министр Разаков үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 24-июнга чейин үй камагына чыкты.

Аталган соттон билдиришкендей, Ички иштер министрлигинин тергөөчүсүнүн Разаковду үй камагына чыгаруу өтүнүчү 16-июнда канааттандырылган.

ИИМ мурдагы вице-премьерди 24-январда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (“Алдамчылык”) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыбы угузулганын кабарлаган.

 

Ал өзүнө козголгон кылмыш иштери тууралуу бөгөт чарасы каралган учурда (26-январда) комментарий берген эмес. Парламенттин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалганын «Азаттыкка» ырастаган.

 

ИИМдин маалыматына караганда, экс-депутат Арзыбек Бурканов былтыр сентябрда Разаковго чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган.

Арызда Разаков 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 млн. доллар алып бербей койгонун көрсөткөн.

 

Жеңиш Разаков 2012-2016-жылдары Баткендин губернатору, андан кийин өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы февралда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин жарыялаган.