Кыргызстанда жол долбоорлорун ишке ашырууга быйыл 6 миллиард сом бөлүндү

Кыргызстанда жол долбоорлорун ишке ашырууга быйыл 6 миллиард сом бөлүндү.

 

Бул каражатка 855 чакырым жол куруу пландалууда. Анын 578 чакырымына асфальт төшөлсө, 178 чакырымы атайын катмар менен жабылат, ал эми 90 чакырымга шагыл төгүлөт.

 

Андан тышкары, министрлер кабинети Унаа жана жолдор министрлигине 84 даана атайын техника тапшырды.