Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө “Бирдиктүү терезе” форматындагы калкты тейлөө борборлору ачылды

Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө “Бирдиктүү терезе” форматындагы калкты тейлөө борборлору ачылды.

 

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

 

“Бирдиктүү терезе” аркылуу соттолгонун же соттолбогонун тастыктаган маалымкат же кооптуу жүктү ташууга уруксат кагазын алса болот. Анан тышкары, жарандык жана кызматтык курал-жаракты, кооптуу жарылуучу заттарды, пиротехниканы сатууга лицензия берилет.