Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда сел жүрдү

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда сел жүрдү. Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан бизге билдиришкендей, кечээ кечинде нөшөрлөгөн жаан-чачындан кийин трассанын 111-114-чакырым аралыгын суу каптады.   Учурда жеринде селдин кесепетин жоюу, жолдун жаап калган бөлүктөрүн тазалоо иштери жүрүүдө.   Ошондой эле, Алай районунун Сопу-Коргон-Терек  менен Пад-Аскалы унаа… Кененирээк…

Бишкекте экополиция түзүү каралууда

Ыш менен күрөшүүдө жыйынтыкка жетишүү максатында Бишкек шаарында эко-полиция түзүү каралууда. Бул тууралуу Бишкектеги жана Чүй облусундагы абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын экинчи жыйынында айтылды. Экополиция кандай иштей турганы айтылган эмес. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, комиссия… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде кезектеги жаңылануу

WhatsApp мессенджеринде кезектеги жаңылануу. Эми белгисиз номерлерден чалуулар автоматтык түрдө өчүрүлүп турат. Бул тууралуу Мета компаниясынын башчысы Марк Цукерберг билдирди.   Функция учурда бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү. Аны иштетүү үчүн настройкиден “чалууларды” тандап, “Белгисиз номерлерди басып салуу” опциясын тандоо керек.

Лионель Мессинин “Интер Майами” үчүн алгачкы беттеши качан боло турганы белгилүү болду

Лионель Мессинин “Интер Майами” үчүн алгачкы беттеши качан боло турганы белгилүү болду. Аргентиналык форвард жаңы команданын курамы менен көк шиберге 21-июлда чыгат.   Бул күнү “Интер Майами” Флоридада “Крус Асуль” клубуна каршы оюн өткөрөт. Эске салсак, Лионель Месси америкалык клубга өтө турганын 7-июнда жарыялап, расмий… Кененирээк…

Ошто Султан Ибраимов атындагы драмтеатрдын айланасын көрктөндүрүү иштери башталды

Ошто Султан Ибраимов атындагы драмтеатрдын айланасын көрктөндүрүү иштери башталды. Бул жерде көчө жарыгы орнотулуп, ирригация тармагы өткөрүлүп, фонтан калыбына келтирилет.   Ошондой эле таман таш төшөлүп, отургучтар орнотулат. Долбоорду түштүк калаанын мэриясы ишке ашырууда.

Бүтүрүү кечелерде  коопсуздукту 5 миңдей милиция кызматкери камсыздайт

Бүтүрүү кечелерде  коопсуздукту 5 миңдей милиция кызматкери камсыздайт.   Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.  Ведомство бүтүрүүчүлөрдөн спирт ичимдиктерин ичпей, коомдук жайларда тартипти бузбай, уруксат берилбеген жерлерде сууга түшпөй, унааларды өз алдынча башкарбоого чакырып, ата-энелерден жана мугалимдерден аларды көзөмөлүнөн чыгарбоону суранат.   Белгилеп кетсек, Билим… Кененирээк…

Россия Кыргызстандан ташылган сүт жана балык продукциясына чектөөлөрдү алып салды

Россия Кыргызстандан ташылган сүт жана балык продукциясына чектөөлөрдү алып салды.   Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, мындай чечимге россиялык талап биздин өлкөнүн ветеринардык кызматы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин келди.   Белгилеп кетсек, кызмат ЕАЭБдин бардык санитардык талаптары боюнча бузууларды жойду. Эми 2 балык иштетүүчү жана  сүт азыктарын… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери кой эти 68 сомго кымбаттады

Кыргызстанда жыл башынан бери кой эти 68 сомго кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети келтирет.   Ага ылайык, январда өлкө аймагында аталган эттин түрүнүн килограммы 13 пайызга арзан, же 528 сомго сатылса, учурда баа 597 сомго жетүүдө.   Ал эми июнь айынын башынан бери эле… Кененирээк…

Облустук ооруканаларга орнотулган компьютердик томографтар медициналык сүрөттөрдүн санариптик бирдиктүү түйүнүнө кошулду

Облустук ооруканаларга орнотулган компьютердик томографтар медициналык сүрөттөрдүн санариптик бирдиктүү түйүнүнө кошулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.   Демилгенин негизги максаты — медициналык сүрөттөр менен алмашууну жеңилдетүү. Мындай ыкма аймактардагы бейтаптардын диагностикадан өтүүсүн жана дарыланууну баштоосун жеңилдетет. Сүрөттөрдү мекемеден мекемеге жөнөтүү зарылчылыгы жоюлуп, убакыт үнөмдөлөт.

Кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу Меккеге учуп кетти

Кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу Меккеге учуп кетти.   Муфтияттын маалыматына ылайык, соңку рейс менен 60 адам Ош аэропортунан учту. Эске салсак, быйыл Кыргызстанга Сауд Арабиясы биринчи жолу 6 миң квота бөлүп берген.   Ажылыктын баасы быйыл 3 миң 900 долларды түзөт.