Бишкекте 30дан ашык үй шартындагы бала бакча ачылды

Бишкекте 30дан ашык үй шартындагы бала бакча ачылды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, кыска убакыт аралыгында эле 400дөн ашык адам атайын окуудан өтүп, сертификатка ээ болду.

 

Дагы 150 киши жеке ишкер катары каттоого алынды. Эске салсак, үйдөгү бала бакчалар “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ачылууда. Башкы максаты – мектепке чейинки билим берүү менен көбүрөөк балдарды камтуу.